​Админресурс колдонуу учурлары катталууда

  • 3 года мурун

“Тандоо Инфо” инициативалык тобуна Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчиси Бактыгүл Исмаилова дарыгерлерди Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдумда шайлоочулардын катышуусун камсыз кылуу талабын койгондугу маалымдалган.

Буга чейин WhatsApp группалар аркылуу Бишкек шаарынын дарыгерлерине Референдумга шайлоочулардын катышуусуна ар бир үй-бүлөлүк топтун жетекчиси жоопту экенин жазган.

Ошондой эле, биздин маалымат булагыбыз шаардын райондоруна ылайык, дарыгерлер да төрткө бөлүнүп, алардын ишмердүүлүгүн координаторлор көзөмөлдөп жатканын билдирди:

Ошондой эле, жогорудагы каттардан белгилүү бир убакыт сайын координаторлор дарыгерлердин Референдумга катышуусу боюнча маалымат топтоп жатканы белгилүү болду.

Ошондой эле, буга чейин да Бактыгүл Исмаилова парламенттик шайлоого ар бир дарыгер кошумча үч адам алып келиш керек деп мажбурлаганын билдирүүдө биздин маалымат булагыбыз:

Парламенттик шайлоодо да шаардык дарыгерлерди шайлоого үч адам алып келгиле деп кыйнаган. Бишкекте жети миңден ашык дарыгер бар, ошентип жыйырма бир миң добуш алып жатышпайбы. Ал убакта Бактыгүл Исмаилованын агасы УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын жетекчиси болчу, каршы чыккандардын баарын куураткан”, — деп билдирди маалымат булагы.

Эске салсак, бүгүн, 11-апрелде өлкө аймагында Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум өтүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты