​БШК: Оштогу добуш сатып алуу фактысы бирдиктүү реестрге катталды

  • 3 года мурун

Бүгүн, 11-апрелде шайлоо башталгандан бери Борбордук шайлоо комиссиясынын Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобуна 25 маалымат түшкөн.

Бул тууралуу БШКнын Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобунун өкүлү Тынчтык Шайназаров 11-апрелдеги брифингде билдирди. Анын айтымында, 12 маалымат каралып чыкты. Калганы боюнча иш жүрүп жатат жана анын жыйынтыгында кошумча чара көрүлөт.

Шайназаров Ошто талапкерлердин биринин шайлоочуларды сатып алып, акча таратып жатканы тууралуу видео факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын кабарлады. Териштирүү иштери уланууда.

Эске сала кетсек, бүгүн өлкө аймагында Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо процесси жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты