​Референдумга шайлоочулардын 13% катышканы белгилүү болду

  • 3 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы саат он экиге карата Референдумга катышкан шайлоочулардын саны 465 121ге жеткенин билдирди. Бул көрсөтүч жалпы шайлоочулардын 12,90%ын түзөт. Катышкандардын саны боюнча Жалал-Абад жана Ош облустары алдыда келе жатканы белгилүү болду. Бул облустардын ар биринде Референдумга катышкандардын саны жүз миң шайлоочудан ашканын БШК кабарлайт.

Ал эми жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жалпы шайлоочулардын санынан 13,43% катышкандыгы маалым.

Эске сала кетсек, бүгүн өлкө аймагында Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо процесси жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты