Ысык-Ата районунда сабалган аял күйөөсүн өлтүрүп салган
- 3 года мурун
Ысык-Ата районунда күйөөсүнүн өлүмүнө шектелип аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Полициянын маалыматы боюнча, 2021-жылдын 6-апрелинде саат 10:00 чамасында Ысык-Ата РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө эркек кишинин сөөгү табылганы жөнүндө билдирүү түшкөн.
Окуя болгон жерде, Ивановка айылындагы үйлөрдүн биринде зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөн белгилери бар адамдын жансыз денеси табылган. Өлтүрүлгөн адамдын өздүгү аныкталып, ал 34 жаштагы Х.И болуп чыкты.
Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө, милиция кызматкерлери тарабынан өлтүрүлгөн адамдын аялы кармалган, ал 27 жаштагы М.Ф.
Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя болгон күнү Х.И мас абалында аялын үйдөгү уруш учурунда ур-токмокко алган, андан кийин ал уктап калган. Аялы ачууланып, сарайдан балканы алып, башына бир нече жолу урган.
Окуянын бардык жагдайлары иликтенип жатат. Сотко чейинки процесстер уланууда.