​Добуш берүүчү жайдан тышкары шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылды

  • 3 года мурун

Бишкек шаардык кеңешин шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүлөрдүн жыйнтыктары алты участокто жокко чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов өз Фейсбук баракчасында билдирди.

“Республика” саясий партиясынын жана “Общее дело” коомдук фондунун арыздарынын негизинде Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы алты шайлоо участогунун добуш берүү жайдан тышкары шайлоонун жыйнтыктарын жокко чыгарды”,- деп билдирген Кайрат Маматов.

Эске сала кетсек, кечээ өлкө аймагында добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү болуп өткөн. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө он тогуз миңден ашык адам арыз жазган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты