​Ошто 7 жаштагы кызды зордуктоого шек саналган адам кармалды

  • 3 года мурун

Ошто жети жаштагы кызды зордуктоого шек саналып, Кара-Суу районунун Кыргыз-Чек айылынын 26 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Маалыматта 9-апрелде кечки саат 20:00 чамаларында Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагына караштуу Кайрагач айылында 7 жаштагы Н.А талаа аркылуу үйүнө келе жаткан. Ага белгисиз жаран кол салып, зордукталган. Кыз Ош облустук төрөт үйүнө оор абалда жеткирилген.

Кылмыш ушул эле күнү Ош ОИИБнин Маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, оперативдүү түрдө кылмыштын бетин ачуу чаралары көрүлө баштаган. Териштирүү иштеринин жыйынтыгында шектүү катары Кара-Суу районунун Кыргыз-Чек айылынын тургуну 26 жаштагы Н.уулу А. кармалган.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаевдин айтымында, шектүү туугандарынын үйүндө жашынып жаткан.

«Кылмышка шектүү өзүнүн көрсөтмөсүндө жогорудагы өзгөчө оор кылмыш ишти жасагандыгын толугу менен мойнуна алган. Кылмышка тийиштүү буюмдар далил катары алынган. Шектүү азыр убактылуу кармоочу жайга камалды», — деп билдирди Аширбаев.

Алдын ала маалыматта ата-энеси Орусияда миграцияда жүргөндүктөн кыз таенесинин колунда калган.

Кыргызстандын Жазык кодексинин 129-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, жашы жете электерди зордуктоо үчүн айыпталгандар 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты