​Экс-президент Роза Отунбаева коронавируска каршы вакцинациядан өттү

  • 3 года мурун

Экс-президент Роза Отунбаевага коронавируска каршы Кытай өндүрүшүндөгү Sinopharm, фармакологиялык аталышы Vero Cell вакцинасы ордо калаанын №7 үй бүлөлүк медицина борборунда жасалды.

Роза Отунбаева: “Ден соолук болбосо, экономика көтөрүлбөй, иш каналар жабылып, жумушсуздук күчөй берет. Алдыда бизди дагы кандай апаат күтүп турганын эч ким билбейт. Мындан улам азыркы учурда COVID-19дан арылып, коопсуздукта жашоонун эң жөнөкөй, коопсуз жана эффективдүү жолу – бул коронавируска каршы эмдөөдөн өтүү”, — деди

Эмдөө учурунда экс-Президент кыргызстандыктарды COVID-19га каршы вакцина алууга чакырды.

Маалымат үчүн: Кыргызстанда 1820 адам COVID-19га каршы эмдөөдөн өттү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты