​​COVID-19: 208 жаңы учуру катталды

  • 3 года мурун

10-апрелге карата республика боюнча сутка ичинде COVID-19 илдетинин 208 жаңы учуру катталды. 105 киши сакайып чыкты. Бир сутка ичинде илдеттен каза болгон 3 учур катталды.

Бишкек — 128

Ош шаары — 1

Чүй облусу – 66

Ош облусу — 2

Талас облусу — 0

Нарын облусу — 2

Ысык-Көл облусу – 8

Жалал-Абад облусу – 0

Баткен облусу — 1

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Коронавирустан өткөн суткада 105 киши айыгып чыкты. Айыгып чыккандардын жалпы саны 85 824 киши болду.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 90 019 кишиге жетти.

Өткөн суткада коронавирустан үч киши каза тапты. Каза тапкандардын жалпы саны 1519 кишиге жетти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты