Башпрокуратура: «Айзаданын өлүмү боюнча Биринчимай райондук ИИБ кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду»

  • 3 года мурун

Айзада Канатбекованын ѳлүмүнѳ байланыштуу Бишкек шаарынын Биринчимай райондук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башпрокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

2021-жылдын 5-7 апрели күндѳрү 1994-жылы туулган Айзада Канатбекованын уурдалып, андан кийин ѳлтүрүлүшү боюнча факты Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан текшерилди.

«Анын жыйынтыгы менен Биринчимай райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ѳздѳрүнүн кызматтык милдеттерин так аткарышкандыктарына же болбосо аткарбагандыктырына толук, ар тараптуу жана объективдүү баа берүү максатында, аларга карата Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестирине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 321 — беренесинин 2- бѳлүмү (шалаакылык) менен ѳндүрүш иши катталды«,- деп айтылат билдирүүдө.

Тергѳѳ ишин жүргүзүү Мамлекеттик Улуттук коопсуздук комитетинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгына тапшырылды.

Белгилей кетсек, Айзада Канатбекованы 5-апрель күнү эртең менен саат 7:00дөр чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч бала кызыл түстөгү унаага салып кеткен. Ал эми 7-апрелде изделип жаткан автоунаа Чүйдөгү Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунан табылган. Ал тууралуу милицияга жергиликтүү чабан кабар берген.

Автоунаанын ичинен киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын жана Замирбек Теңизбаевдин бычакталган сөөгү табылган.

Айзаданын апасы Назгүл Шакенова кылмышка шектүү Замирбек Теңизбаев кызын ар түрдүү жолдор менен коркутуп жүргөндүктөн Айзада Түркияга кетүүгө камынып жүргөндүгүн билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты