Бишкек милициясы: Айзаданын өлүмүнө шектүү мурда соттолгон деген маалымат бар

  • 3 года мурун

5-апрелде Бишкектин көчөлөрүнүн биринен уурдалып, 7-апрелде Чүй облусунда сөөгү табылган Айзаданын өлүмүнө шектүү мурун Россияда соттолуп чыккан болушу мүмкүн. Бул тууралуу Бишкек шаардык криминалдык милициясынын башчысы Уланбек Айтпаев 8-апрелдеги маалымат жыйынында билдирди.

Шектүү Замирбек Теңизбаев Орусиядан 2017-жылы келген. Инисинин сөзүнө караганда, ал Орусияда кылмышка соттолуп алты жарым жыл отуруп чыккан. Үй-бүлөлүү, эки баласы бар. Кыргызстанга келгенде такси айдап, батир жалдап жашап жүргөн. Бирок акыркы айларда да такси айдап, машиненин ичинде жашап-түнөп келген. Бул — туугандарынын айтымы. Маалымат текшерилип жатат», — деди Айтпаев.

5-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы кыздын сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.

Шаардык милиция аны уурдоого шектүү 31 жаштагы жаран алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирди.

Баштапкы кабарларга ылайык, 27 жаштагы кызды Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар ала качышкан. Интернетке үч киши көчөдөн бир кызды күчтөп машинеге салып кеткени тартылган видео тараган. Тасма видеокөзөмөлгө жазылып калган. Кыз уурдалган учурда жолдо өтүп бараткан кишилер эч кандай реакция жасашкан эмес.

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175-беренеси («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») менен катталып, иликтөө жүрүп жаткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты