Бишкекте COVID-19 жуктурган бейтаптарды кабыл алган ооруканаларда бош орундар азаюуда
- 3 года мурун
Бишкекте COVID-19 жуктурган бейтаптарды кабыл алган үч ооруканада 45 орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Бош орундардын саны күн сайын кыскарууда. 6-апрелге карата 65 орун бош болсо, 5-апрель күнү үч ооруканада 77 орун бар эле.
7-апрель саат 8:00гө карата 45 гана бош орун калган. Алар:
- Улуттук хирургия борборунда — 6;
- Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында — 27;
- №2 клиникалык төрөт үйүндө — 12.
Өткөн суткада Кыргызстанда 161 киши коронавирус жуктуруп, үч бейтап каза тапкан.
Сүрөт интернеттен.
Муну бөлүшүү