​Кытайбек Калчабаевдин жаркын элесине арналган ардагерлер волейбол лигасы өттү (Фоторепортаж)

Бишкек шаарында 3-4-апрелде Кыргыз Республикасынын волейбол оюну боюнча ардагери Кытайбек Калчабаевдин жаркын элесине арналган «Ардагерлер лигасы» турнири өттү. Оюндардын кийинки таймашы дагы улантылмакчы.

Кытайбек Калчабаев Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде математика сабагынан окутуучу болуп эмгектенген. 1985-жылдан бери өлкөнүн волейбол командаларында ойногон. Волейбол боюнча республикалык «Ардагерлер лигасынын» түзүлүшүнө чоң салым кошкон волейбол ардагери болчу. Кытайбек агай дартынан улам «Ардагерлер лигасы» волейбол оюнунда ойноп жаткан учурунда каза тапкан.

Бул оюнга Кыргыз Республикасынын волейбол боюнча эркектер клубдук командалар арасындагы «50+» республикалык ардагерлер лигасынын оюнчулары келип, кызыктуу беттеш өткөрүштү.

Мелдештин 1-туру Бишкек шаарында 3-4 апрелде болду.

Мелдешке 15 команда катышты. Алар- «Ардагерлер», «Тоң», «Арашан», «Токмок», «Кара-Кулжа», «Ноокат», «Аксы», «Бектурсун», «Өзгөн», «Отор-Ош»Ю «Атакенч», «Талас», «Кадамжай», «Токтогул», «Бакай-Ата» командалары.

БИРИНЧИ ТУРдун жыйынтыгында:

1- орунду 22 упай менен «Кара-Кулжа» командасы алып, сап башына чыкты.

2 -орунда 17 упай менен «Бектурсун» командасы келе жатат.

3- орунда 16 упай менен «Аксы» командасы келүүдө.

Волейбол боюнча ардагерлер лигасынын таймашы улантылмакчы.

Канат Сыдыков

Сүрөттөрү: Автордуку.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты