Токтогул суу сактагычында суу 8,7 млрд метр кубду түзөт. Бул өткөн жылдагыдан 2,9 млрд метр кубга аз

  • 3 года мурун

Учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8,7 млрд метр кубду түзөт, бул 2020-жылга салыштырмалуу 2,9 млрд метр кубга аз.

Бул тууралуу энергетика министри Кубанычбек Турдубаев өкмөттүн жыйынында 2020-2021-жылкы күз-кыш жылытуу мезгилинен өтүү жыйынтыгы жана 2021-2022-жылкы күз-кыш мезгилине экономика тармактарын жана калкты даярдоо маселесин талкуулоо учурунда. Билдирди.

Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев маалымдагандай, 2021-жылдын 1-январына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12,25 млрд метр кубду түзүп, бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,7 млрд метр кубга аз (14,95 млрд м3).

Болжол боюнча, Токтогул суу сактагычына келүүчү суунун көлөмү орточо жылдык деңгээлге жетип, 96% түзүшү керек болсо, натыйжада, ал болгону 90% түздү. Учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8,7 млрд метр кубду түзөт, бул 2020-жылга салыштырмалуу 2,9 млрд метр кубга аз.

Анын айтымында, бөлүштүрүүчү электр компаниялары жана ири өнөр жай ишканалары орнотулган чектен 332,8 млн кВ саатка, же 2,7%га ашкан.

Сүрөт: Интернте булктарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты