​Жалда каза болгон адамдын COVID-19га каршы вакцина алгандыгы аныкталган эмес

Бишкектин Жал кичи районундагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна кайрылган бейтап каза болду. Бул тууралуу Argument.kg сайты “Жалда эмдөөдөн кийин эркек киши каза болду” деп жазып чыккан.

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Маалым болгондой, 1-апрелде саат 00: 14төр чамасында «102» кызматына Эне жана баланы коргоо улуттук борборунан, “ал жерде бир адам каза болду” деген чакыруу түшкөн.

Саат 22:30 чамасында Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна дары-дармектерин алып келип, ийне сайдыруу үчүн 1982-жылы туулган жаран кайрылган. Процедуралардан кийин ал өзүн жаман сезип, медайымдын алгачкы жардамына карабастан, эркек киши эс-учун жоготуп каза болгон.

Учурда өлүмдүн себебин аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлүп, бардык керектүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Каза болгон жарандын COVID-19га каршы вакцина алгандыгы тастыкталбагандыгын Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчиси Камчыбек Узакбаев билдирди.

Биздин борборго түндө “Укол сайып берип койгулачы” деп бир жаран келген экен. Туугандарынын айтымында ооруп жүргөн. Бул окуя боюнча атайын түзүлгөн комиссия иштеп атат. Комиссия ишин жыйынтыктагандан кийин эмнеден улам каза болгондугу белгилүү болот. Ага чейин эч нерсе деп айта албайбыз. Маркумдун COVID-19га каршы вакцина алгандыгы тастыкталган жок”, — дейт Камчыбек Узакбаев.

Жыйынтык: Бишкектин Жал кичи районундагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна укол сайдыруу үчүн кайрылып, каза болгон адамдын COVID-19га каршы вакцина алгандыгы аныкталган эмес.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты