Владимир Познер нааразылык акцияларынан кийин Грузиядан чыгып кетүүгө аргасыз болду

  • 3 года мурун

Грузиянын Тышкы иштер министрлиги Владимир Познер АКШнын жараны болгондуктан жана буга чейин Грузияга бир нече жолу келгендиктен, оккупация тууралуу мыйзамды бузбаганын билдирди.Орусиялык журналист жана теле алып баруучу Владимир Познер Тблисиден учуп кетүүгө аргасыз болду. Буга анын өлкөгө келишине каршы болгон жарандардын нааразылык акциясы себеп болду.

Нааразы болгон жарандардын Познер токтогон мейманкананын алдындагы акциясы шаршемби күнү кечинде башталган. Чогулгандар мейманкананын электр жарыгын өчүрүп салышкан. Полиция имаратка кирүүгө аракет кылган жарандарды токтотууга аракет кылып, ортодо кагылышуулар болду.

Андан соң күч түзүм кызматкерлери Познерди автобус менен Rooms мейманканасына жеткиришти. Активисттер анын артынан барып, имаратка жумурткаыргытып, асфальтка кызыл боёк менен «Грузиядан чыгып кет!» деп жазышты.

Оппозиция өкүлдөрү Познер Грузиянын жикчил Абхазия жана Түштүк Осетия аймактарын оккупациялаган Орусия бийлигинин аракеттерин колдогонун айтып, бийликтен аны Грузиядан чыгарууну талап кылышты.

«Мен саясат жөнүндө сүйлөшүү үчүн эмес, туулган күнүмдү белгилөө үчүн келгем» деди Познер Тбилиси аэропортунан. Ал 1-апрелде 87не чыкты.

«Эхо Кавказа» басылмасынын маалыматына караганда, Познер Москвадан болжол менен 40 кишинин коштоосунда учуп келген. Алардын 32си коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөрдү бузганы үчүн айып пулга жыгылды.

Сүрөт: ТАСС.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты