​Президентке караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш түзүлдү (Курамы)

  • 3 года мурун

Президентке караштуу сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш жөнүндө жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.

Кеңеш аталган иш-максаттардын негизги багыттары боюнча сунуштарды даярдоо, ушул багыттар боюнча бардык мамлекеттик органдардын макулдашылган иш-аракеттерин, анын ичинде ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууну камсыз кылуу максатында түзүлгөн кеңеш берүүчү жана консультативдик орган болору белгиленди.

Кеңештин алдында тиешелүү сунуштарды даярдоо боюнча эксперттик жумушчу топтор түзүлөт.

Жарлык менен Президенттин айрым актылары күчүн жоготту деп табылып, ага жараша мамлекет башчысына караштуу соттук реформа боюнча мурда түзүлгөн кеңеш жоюлат.

Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин курамы:

Жапаров Садыр Президент, кеңештин төрагасы;

Кеңештин мүчөлөрү:

Зулушев Курманкул- башкы прокурор;

Бакирова Нургүл — Жогорку соттун төрагасынын милдетин аткаруучу (макулдашуу боюнча);

Садырова Чынара — судьялар кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Кармышаков Улукбек, вице-премьер-министр –экономика жана финансы министри;

Керезбеков Канат — Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Никитенко Наталья Владимировна — Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Токтошев Эмил — Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Ниязбеков Улан — ички иштер министри;

Чынбаева Асел — юстиция министри;

Ташиев Камчыбек- Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;

Сатыев Медербек- президенттик аппарат жетекчисинин биринчи орун басары;

Базарбеков Замирбек президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы, кеңештин катчысы;

Райымкулов Билим — адвокатура кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Арабаев Автандил — Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жарандык укук жана адвокатура кафедрасынын профессору, юридика илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча);

Жакупова Чолпон — «Адилет» укуктук клиникасынын директору (макулдашуу боюнча).

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты