​Бейшеналиев: Мигранттардын көмөгү менен «Спутник V» вакцинасын алабыз

  • 3 года мурун

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Орусиядагы кыргызстандык ишкерлердин көмөгү менен «Спутник V» вакцинасын алып келүү жөнүндө сүйлөшүү жүрүп жатканын айтты.

Министр бул тууралуу мамлекеттик «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, мындан тышкары эки мамлекеттин президенттеринин сүйлөшүүсү менен Кыргызстанга Орусиядан 500 миң доза «Спутник V» вакцинасын май айларында алып келүү боюнча макулдашылган.

“Биз 500 миң доза сураганбыз, алар макул болгон. Бирок, учурда көпчүлүк өлкө алып жаткандыктан биз кезекке турганбыз. Бизге апрелдин аягында же май, июнь айларында беребиз деп жатышат. Бирок, Орусияда жашаган мигранттар, бизнесмендер мага кайрылышты. Мен өкмөт башчы менен сүйлөшсөм, ал уруксат берди. Жакын арада алардын акчасына «Спутник V» алган жатабыз” деди министр.

Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталды. Алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда “кызыл зонада”, бейтапканада, «Тез жардамда» иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч органдарынын өкүлдөрү эмделээри айтылган.

Эмдөө ыктыярдуу негизде, атайын ачылган пункттарда жүргүзүлөт. Бул үчүн кытайлык SinoPharm компаниясы чыгарган вакцина колдонулууда. 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина Кыргызстанга 19-мартта келген.

Кыргызстанда коронавирус 87 миңден ашуун адамга жукту, алардын 1,5 миңдейи каза болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты