​ТИМ: Алмазбек Бейшеналиев ЮНЕСКОнун башкы директорлугуна ТИМ аркылуу көрсөтүлгөн эмес

  • 3 года мурун

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев ЮНЕСКОнун Башкы директорлугуна талапкерлигин көрсөтүүсү боюнча ТИМ маалымат берди. Тышкы иштер министриги берген маалыматка ылайык, Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев өзүн-өзү көрсөткөн. Бул маалыматты КР Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКОдогу Туруктуу Өкүлчүлүгү аркылуу ЮНЕСКОнун Аткаруу кеңешинин Төрагасынан расмий эмес тартипте алган. Төрага, өз кезегинде, талапкерди көрсөтүү катын түздөн-түз Билим берүү жана илим министрлигинен алган.

ЮНЕСКОнун эрежелерине жана жол-жоболоруна ылайык, уюмдун Башкы директору постуна талапкерлерди көрсөтүү ЮНЕСКО менен мамилелерди сактоо үчүн жооптуу органдар аркылуу жүргүзүлөт. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана КР ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссия КР мыйзамдарына жана өздөрүнүн жоболоруна ылайык ЮНЕСКО менен түздөн-түз өз ара аракеттенүү укугуна ээ.

ЮНЕСКО менен расмий кат алышуу укугу ТИМДин карамагында

2012-жылдын 4-июлундагы № 96 «Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана КР Президентинин 2005-жылдын 14-ноябрындагы № 543 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясатын жүргүзүүдөгү анын координациялоочу ролун күчөтүү жөнүндө» Жарлыгына ылайык эл аралык уюмдар, анын ичинде ЮНЕСКО менен расмий кат алышуунун баары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин карамагында турат.

Кыргыз Республикасынын расмий позициясы ЮНЕСКОго Кыргыз Республикасынын Франциядагы жана ЮНЕСКОДОгу дипломатиялык өкүлчүлүгү аркылуу гана жиберилет.

Башка мамлекеттик органдар тарабынан, б.а. дипломатиялык канал аркылуу эмес түздөн-түз жөнөтүлүүчү маалыматтардын баары расмий эмес деп эсептелинет”, — деп айтылат маалыматта.

ЮНЕСКОнун Аткаруу кеңешинин Жол-жоболор эрежелерине ылайык Аткаруу кеңешинин Төрагасы мамлекет тарабынан расмий көрсөтүлбөгөн, б.а. КР Тышкы иштер министрлигинин же Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКОДОгу өкүлчүлүгүнүн Вербалдык нотасы аркылуу көрсөтүлбөгөн адамдын талапкерлигин кабыл ала албайт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты