​Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалды

  • 3 года мурун

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын экс-башчысы Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Башкы прокурор Курманкул Зулушев кол койгону такталды.

Буйрукка ылайык, Сыймык Жапыкеев кайрадан прокуратурага кызматка алынып, Ысык-Көл облусунун көзөмөл органынын башчысы болуп дайындалды.

5-мартта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматын жоюу боюнча премьер-министр Улукбек Мариповдун токтому чыгып, мекеменин жетекчиси Жапыкеев кызматсыз калган.

Ал эми Президент Садыр Жапаров Сыймык Жапыкеевге «Финансы полициясынын генерал-майору» наамын ыйгарганы маалым болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты