​COVID-19: Чектөөлөр азырынча киргизилбейт, бирок жарандар коомдук жайларда беткап кийиши керек

  • 3 года мурун

Чектөөлөр азырынча киргизилбейт, бирок коомдук жайларда, эл көп чогулган жерлерде санитардык коопсуздук ченемдери күчөтүлөт.

Мындай тапшырманы 27-мартта биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков республикалык ыкчам штабдын жыйынында жергиликтүү бийлик органдарына жана тармактык кызматтарга берди.

Ал белгилегендей, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавирус инфекциясынын өсүү ыктымалдыгына жараша медициналык мекемелердин даярдыгын үзгүлтүксүз негизде көзөмөлдөөсү зарыл.

«Дүйнө жүзү боюнча коронавирус оорусунун өсүүсү байкалууда, коңшу мамлекеттерде чектөө чаралары киргизилди. Биздин бардык деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарыбыз жарандардын арасында оорунун күч алуусуна толугу менен даяр турушу керек. Мен саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин республикалык штабдын бир катар маанилүү тапшырмаларын аткаруусу боюнча жетишсиз ишин белгилеп кетким келет. Ведомство биринчи кезекте медициналык мекемелердин медикаменттер, жеке коргонуу каражаттары, суюк кычкылтекти берүү тутумунун иштеши боюнча жабдуу деди Артём Новиков.

Ал бардык мекемелерде, жабык жайларда милдеттүү түрдө беткап режими сакталышы тийиштигин белгиледи.

«Биз жарандарды дары-дармек, орундар, медициналык адистер менен камсыздайбыз, бирок ар бир жаран аң-сезимдүү мамиле жасап, санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышын камсыздашы керек» деди биринчи вице-премьер-министр.

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 3 күн ичинде дары-дармектердин ар-бир ооруканага жеткирилишин камсыздоо зарыл.

Кыргызстанда 29-февралга карата коронавирустун 79 учуру катталды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты