​Галина Байтерек: Президент Жапаровду COVID-19га каршы эмдөөнүн кажети жок

  • 3 года мурун

Мамлекет башчынын басма сөз-катчысы Галина Байтерек Садыр Жапаровду эмдөө маселесине байланыштуу түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, лабораториялык кан анализдеринин изилдөөсүнө ылайык, Садыр Жапаровдо коронавирус инфекциясына каршы антителолор буга чейин бул илдетке кабылгандыктан, жетиштүү көлөмдө табылган.

«Дарыгерлердин кеңеши боюнча учурда Президент үчүн эмдөөдөн өтүүнүн кажети жок. Эгерде убакыттын өтүшү менен антителолордун саны жоголсо же сезилерлик азайса, анда Садыр Жапаров коронавируска карата сөзсүз түрдө эмделет» белгиледи басма сөз катчы.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев биринчи болуп эмдөө алат.

1-этапта эмдөө төмөнкүлөргө пландаштырылууда:

— инфекция коркунучу жогору жана өтө жогору, кызыл зонада, Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда жана Үй-бүлөлүк медициналык борборлорунда иштеген медициналык кызматкерлер;

— тез жардам көрсөтүү кызматынын, оорунун же өлүмдүн оор түрлөрүнө чалдыгуу коркунучу жогору болгон интенсивдүү терапия бөлүмдөрүнүн медициналык кызматкерлери;

— узак мөөнөттүү медициналык адистер жана кызматкерлер;

— билим берүү уюмдарынын, укук коргоо жана коопсуздук органдарынын кызматкерлери.

Эмдөө ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт.

29-мартта саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги өлкөдө коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн биринчи этабын баштайт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты