​Электрондук китеп: Пандемия учурундагы кыргызстандыктардын үнү

Бүгүн, 26-мартта, журналисттер Бактыгүл Чыныбаева жана Катя Урумканованын «Пандемия учурундагы кыргызстандыктардын үнү» аталышындагы электрондук китебинин бет ачары өтүп жатат.

Авторлор, коронавирус илдети менен ооруп айыккан кыргызстандыктардын башынан өткөргөн миңден ашуун окуяларды бириктирип, электрондук сайт жасашкан. Журналист Бактыгүл Чыныбаеванын айтымында, долбоор «Медиа Диалог» уюмунун жардамы менен жасалып, Covid 19 илдети менен ооруп калган адамдардын өз оюн бөлүшө ала турган түйүн болду.

«Баарыбызга белгилүү болгондой, биз башыбыздан өткөргөн окуяларды бат унутта калтырабыз. Бул электрондук китеп коронавирус пандемиясынан алынган сабактар унутта калбай, эсибизде болсун деген максатта жасалды. Электрондук китеп интерактивдүү таризде даярдалып, ар бир кыргызстандык каалаган убакта кирип өзүнүн окуясы менен бөлүшө алат»,- деп билдирди.

Электрондук китеп covidstories.kg сайтында жайгаштырылган.

Сүрөттөр: Гулиза Урустамбек кызы/ ПолитКлиника.

Иллюстрациялык сүөрттөрдү тарткан: Татьяна Зеленская.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты