​Депутат Икрамов: COVID-19 га каршы эмдөөнү өкмөт башчы, өкмөт мүчөлөрү, депутаттардан баштоо керек

Бүгүн, 25-мартта, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Тазабек Икрамов COVID-19 га каршы эмдөө 29-мартта баштала тургандыгы айтылып жатканын, анын коопсуздугунан шек санабоо үчүн эмдөөнү түз эфирде өкмөт башчы, вице-премьер, өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңеш депутаттарынан баштоо керектиги тууралуу сунушун билдирди.

— Вакцина алганда анын жыйынтыгы кандай болот? Башка өлкөлөрдө эмдөөдөн кийин адамдардын ден соолугу начарлап, ал түгүл көз жумуп кеткен учурлар тууралуу ЖМКлардан окуп жатабыз. Ошондуктан COVID-19га каршы эмдөөнүн коопсуздугунан шек санабоо үчүн эмдөөнү түз эфирде бардык жетекчилер, депутаттардан баштоо керек.

Ал эми ага чейин тиешелүү адистер бизге вакцина кайдан келди, эмдөө коопсуз эмеспи, вакцина сыноодлн өткөнбү, текшерилдиби, жыйынтыгы кандай болот деген маалыматтарды берип коюшун талап кылам.

Болбосо, эртең эле COVID-19 га каршы эмдөө керек деп элди кыйнай башташат, — деп билдирди депутат Икрамов.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 19-мартта Кыргызстанга COVID-19га каршы эмдөө боюнча «China Biotekchnology Co LTD» компаниясынын «SinoPfarm» вакцинасынын 150 миң дозасы гуманитардык жардам катары алынып келингендиги маалымдалган.

Министрдиктин маалыматы боюнча, «SinoPfarm» вакцинасы менен Кытай, Араб Эмирликтери, Түркия, Өзбекстан, Бахрейнде эмдөө жүргүзүлгөн. Дүйнө жүзү боюнча 3 млн адам эмделген.

«SinoPharm» — бул активсиздештирилген вакцина (Вакцинаны өндүрүүдө химиялык реагенттер менен жылуулуктун эсебинен активсиздештирилген (өлтүрүлгөн) оору жаратуучу вирустар жана бактериялар же ошого окшош микроорганизмдер колдонулат. Бул ыкма адамды оорулардан эффективдүү коргоп, далилденген технологиянын тартибинде иштейт. Сасык тумоо менен полиомиелит ооруларына каршы вакцинаны иштеп чыгууда так ушул ыкма жигердүү колдонулуп, көп өлчөмдө чыгарууга шарт түзөт). «SinoPharm» вакцинасынын досьеси Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кароосуна жөнөтүлүп, өзгөчө кырдаалдын шартында колдонулчу дары-дармектердин тизмесине каттоо үчүн тиешелүү чечим март айында чыгышы күтүлүүдө. Дүйнө жүзүндө «SinoPharm» вакцинасы менен Кытай Эл Республикасынын, Бириккен Араб Эмираттарынын, Түркия Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын жана Бахрейндин жарандарын эсептегенде 3 миллиондон ашуун адам эмделди. Ошондой эле бул вакцинаны алган жарандарда эмдөөнүн кыйыр таасири катталган эмес.

«SinoPharm» вакцинасы +2, +8 градус температуралык шартта 3 жыл сакталат. Мындай логистика Кыргызстанда бар жана бул вакцинаны колдонууга жана сактоого жол берет. Эмдөө 25-28 күн аралыгында эки этап менен жүргүзүлөт.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги КОВИД-19га каршы алгачкы эмдөө иштерин март айынын соңунда, апрель айларында вакцинанын каттоо досьеси даяр болуп, кароодон өткөрүлүп, иммундаштыруу боюнча эксперттердин илимий-техникалык тобунун сунуштамалары берилген соң баштоону көздөөдө.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча:

Мамлекет калкка КОВИД-19 вакциналарынын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жана коронавирус инфекциясына каршы эмдөө кампаниясын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн 3 жол менен кетиши күтүлүүдө:

  1. COVAX механизми (алдыда Механизм) – калктын 20 пайызын кайтарымсыз гуманитардык жардам катары акысыз, коопсуз жана эффективдүү вакциналар менен камсыздоо үчүн ресурстарды жана COVID-19 вакциналарына болгон талапты бириктирүүчү глобалдык аянтча (Жалпы 1 млн. 300 миң доза);
  2. Ага кошумча мамлекеттер аралык келишимдердин жана мамлекеттин эсебинен КОВИД-19га каршы вакциналарды жана чыгым материалдарын алууну каржылоо;
  3. КОВИД-19га каршы вакцинаны донордук колдоо (Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Ислам өнүктүрүү банкы) аркылуу же алдын ала келишимдердин жардамында сатып алууну көздүп жатканын билдирди.

Кыргызстандын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев COVAX дүйнөлүк альянсынын алкагында Кыргызстанга 504 миң доза AstraZeneca вакцинасы келерин айткан.

Саламаттыкты сактоо министрлиги COVID-19га каршы эмдөө жүргүзүүнүн улуттук планын иштеп чыкканын, иммундаштыруу үч этап менен жүргүзүлөрүн билдирген.

Кимдер биринчи кезекте эмделери тууралуу маалымат бул шилтемеде.

2-февралда, Жогорку Кеңештин комитетинде депутат Жыргалбек Турускуловдун пандемиянын жаңы толкунуна даярдык тууралуу суроосуна жооп берип, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев мындай деп билдирген:

-Азыркы кезде биз COVAX программасына кирип, кечээ күнү кайсы вакцина келе турганын тактап алдык. Бул AstraZeneca деген вакцина келет, март айынын башында 504 миң доза келе турган болду. Сиздер билесиздер, биринчи бизге сунуш кылынган Pfizer ден баш тартканбыз. Ошол эле COVAX программасынан AstraZeneca берди, -деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Коронавируска каршы күрөш үчүн Pfizer/BioNTech вакцинасы Кыргызстанга акысыз сунушталган. Бирок кыргыз өкмөтү аны -70 градус температурада cактай турган муздаткыч жок экенин билдирген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты