COVID-19: Кимдерге эмдөө жүргүзүлөт?

Саламаттыкты сактоо министрлиги COVID-19га каршы эмдөө жүргүзүүнүн улуттук планын иштеп чыкты. Иммундаштыруу үч этап менен жүргүзүлөт.

Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Иммундаштыруу боюнча эксперттердин илимий-техникалык тобунун сунуштарына ылайык, саламаттык сактоо министрлиги эмдөө үчүн калктын артыкчылыктуу топторун аныктады.

Кимдерге эмдөө жүргүзүлөт?

— Биринчи этапта кызыл зонада, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу , үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштеп, инфекцияны жуктуруп алуу коркунучу жогору жогору болгон, дарттын оор формасын пайда кылуу же өлүмгө алып келүү тобокелдиги жогору болгон интенсивдүү терапия бөлүмдөрүнүн, жана тез жардам кызматынын, узак мөөнөттүү кам көрүү мекемелеринин медицина медициналык кызматкерлерине эмдөө жүргүзүлөт.

Оорунун күчөп кетүү тобокелдиги жогору социалдык-демографиялык топтор, вакцинаторлор, билим берүү мекемелеринин мугалимдери, укук коргоо жана коопсуздук органдарынын кызматкерлери, тейлөө чөйрөсүнүн, соода жана коомдук тамактануу жайларынын кызматкерлери.

2-этапта кимдерге эмдөө жүргүзүлөт?

— 60 жаштан жогору курактагы адамдар, өнөкөт оорулар жана клиникалык тобокелдик факторлору бар 60 жашка чейинки адамдар, калктын социалдык аялуу катмары.

3-этапта:

— 3-этапта эмдөө иштери мамлекеттин жана донордук уюмдардын эсебинен улантылат.

-Эмдөө пункттарын ачуунун алдын-ала планы дагы иштелип чыккан. Эмдөө пункттарын Чүй облусунда, Бишкек жана Ош шаарларында ачуу пландаштырылууда. Эмдөө процессине ыкчам байкоо жүргүзүүнүн натыйжасында, калган эмдөө пункттары республиканын бардык аймактарында ачылат. Эмдөө жүргүзүүгө өлкөдөгү бардык окутулган эмдөө кызматкерлери тартылат” деп билдирди Айнура Акматова.

Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөөгө AstraZeneca вакцинасы колдонулат.

Кыргызстанга коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасы март айынын башында келет.

Бул тууралуу 2-февралда, Жогорку Кеңештин комитетинде маалымат депутат Жыргалбек Турускуловдун пандемиянын жаңы толкунуна даярдык тууралуу суроосуна жооп берип, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди:

-Азыркы кезде биз COVAX программасына кирип, кечээ күнү кайсы вакцина келе турганын тактап алдык. Бул AstraZeneca деген вакцина келет, март айынын башында 504 миң доза келе турган болду. Сиздер билесиздер, биринчи бизге сунуш кылынган Pfizer ден баш тартканбыз. Ошол эле COVAX программасынан AstraZeneca берди, -деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Министрлин милдетин аткаруучу Бейшеналиев Кыргызстанда коронавирустун экинчи толкуну өткөн жылдын октябрь-ноябрь-декабрында өтүп кеткенин, коронавирустун Англиядан чыккан, мутацияланган жаңы вируска даярдык көрүлүп, алгоритмдер ойлонуп табылып, иштеп, лабораториялар иштеп жатканын айтты.

Коронавируска каршы күрөш үчүн Pfizer/BioNTech вакцинасы Кыргызстанга акысыз сунушталган. Бирок кыргыз өкмөтү аны -70 градус температурада cактай турган муздаткыч жок экенин билдирген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты