Бир күндө эки ирет жер титиреди

  • 3 года мурун

22-марттта саат 16:45те Нарында очогунда күчү 3 баллга жеткен, саат 18:17де Ысык-Ата районунда да очогунда 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

22-мартта саат 16:45те жер титирөө Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор, Семиз-Бел, Кара-Тоо, Арсы айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Ошол эле 22-март күнү саат 18:17де очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун «Ысык-Ата» курортунда жана Чүй районунун Арпа-Тектир айылында 3 баллга чейин сезилген.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты