​АКШда үч спа-салондогу ок атуудан сегиз киши каза болду

  • 3 года мурун

АКШнын Жоржия штатында үч спасалондогу ок атуудан сегиз киши каза болду. Бул тууралуу 16-мартта жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Маалыматка караганда, ок атууга шектүү катары 21 жаштагы адам кармалып, камакка алынды. Ал аймактагы бизнес-имараттардын биринин жанындагы видеобайкоо камераларына түшүп калган.

Жергиликтүү полициянын өкүлү Жей Бейкердин айтымында, каза болгондордун көбү азиат түспөлүндөгү аялдар болгон.

Бейкер шектүүнүн мындай кадамга барышынын ыктымал себептерин айткан жок, бирок иш боюнча тергөө иштери уланып жатканын билдирди.

Басылмалардын маалыматына караганда, Атланта шаарынын четиндеги Аквортада азия укалоо салонунда төрт киши атып өлтүрүлгөн. Дагы үч кишинин сөөгү Атлантадагы Gold Massage Spa салонунда, бирөө Aroma Therapy салонунда табылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты