Конституция долбоорундагы сөз эркиндигинин кооптуу жагдайлары (ВИДЕО)

«ПолитКлиника» медиасынын «Сереп» берүүсүндө Конституция долбоорундагы сөз эркиндигинин чагылдырылышына сереп салабыз.

Студияда мейманда юрист — НУРБЕК СЫДЫКОВ.

— Конституция бул баш мыйзам, андан кийин дагы көптөгөн мыйзамдар кабыл алынат, кээ бири өзгөрүлөт, кээ бири жокко чыгарылат. Айтор, долбоор кабыл алынып калса, биздин укуктук система ошол Конституцияга байланып калат.

Конституция долбоорунун 10-беренесинде өспүрүмдөрдү негиз кылып, иш-чаралар адеп-ахлакка, Кыргыз Республикасында жашаган элдердин аң-сезимине туура эмес келе турган болсо, ошол иш-чараларга Жогорку Кеңеш тарабынан мыйзам аркылуу чектөө коюлуп, ал иш-чараларды өткөрүүгө болбойт деп так жазылып жатат.

10- берене, 4-бөлүк: «Өсүп келе жаткан муунду коргоо максатында Кыргыз Республикасынын элине таанылган адеп-ахлактык баалуулуктарына, аң-сезимине карама-каршы келген иш- аракеттер мыйзам менен чектелет» деп жазылган.

Мында кандай кооптуу жагдай бар деп айтсак болот?

Албетте, өспүрүмдөрдү коргоого алуу керек, бирок ошол эле Конституция долбоорунда цензурага жол берилбейт деп жазылган. Эгер биз өспүрүмдөрдү коргоо деп айтып, чектөө тизмесин киргизсек, анда цензура киргизүүгө мажбур болуп калат экенбиз.

Ал эми алып койсок, өспүрүмдөргө каршы, жарандарга коркунуч келип калат дегендерге мындай жооп бермекчибиз: Азыркы Конституцияда да, Конституция долбоорунда да кайсы учурда адам укугу чектелиши мүмкүн экендиги так жазылган. Мисалы порнографиялык, экстремисттик ж.б. материалдарды жайылтууга тыюу салынат. Ушул чектөөнүн негизинде деле киргизип койсо болот эле.

КЕНЕНИРЭЭК ВИДЕОДО:

Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты