Президенттин Конституциянын жаңы долбооруна дал келбеген ойлору

Өлкө Президенти Садыр Жапаров “Азаттык” медиасына маек берген. Маекте жаңы Конституциялык долбоордо каралган маселелер боюнча сөз сүйлөгөн. ПолитКлиника медиасы Президенттин айткан сөздөрү менен Конституциянын текстин салыштырып көрдү.

Садыр Жапаров: “Жаңы Конституция боюнча Президент экономикалык маселелерге дагы, ички, тышкы саясатка дагы Президент керт башы менен жооп берет”.

Конституцияда: Президенттин бардык маселелерге керт башы менен жооп бере тургандыгы жөнүндо берене жок. Эксперттер Президентти жоопкерчиликке тартуу процесси татаалдашканын айтышат. Президент министрлер кабинетинин жана аткаруу бийлигинин ишинин натыйжалары үчүн жеке жоопкерчилик тартат деп аныкталган. Бирок, эгер Жогорку Кеңеш республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту канааттандырарлык эмес деп тапса, анда министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн жоопкерчиликке тартат.

Жыйынтык: Президент баары үчүн керт башы менен жооп бербейт.

Садыр Жапаров: “Министрлер кабинетин парламент түзөт. Каалабаса өткөрбөй койсо болот. Көзөмөлдөөчү орган Жогорку Кеңеш болот. Соттордун бардыгы Жогорку Кеңеш аркылуу өтөт.

Конституцияда: 70-берене боюнча Президент Министрлер Кабинетинин түзүмүн жана курамын аныктайт, Жогорку Кеңештин макулдашуусу менен Төраганы, анын орун басарларын жана кабинеттин башка мүчөлөрүн кызматка дайындайт жана бошотот. 92-берене боюнча Президент өз демилгеси менен Министрлер Кабинетинин учурдагы курамын же мүчөсүн кызматтан кетирүүгө укуктуу.

70-берененин 4-пунктту боюнча Президент Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин сунуштамасынын негизинде Жогорку соттун жана Конституциялык соттун судьяларын кызматына шайлоо үчүн талапкерлерди Жогорку Кеңешке сунуштайт.

Жыйынтык: Жогорку Кеңеш Өкмөттүн программасын бекитип, түзүмүн жана курамын аныктай албайт. Өз демилгеси менен Өкмөттү кетире албайт. Жаңы Конституция долбоорунда Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңеш алдындагы отчет берүүсү жөнүндө жобо жок.

Сотторду Президент Жогорку Кеңешке сунуштайт.


Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты