​Баткенде аскердик машыгууга даярдык жүрүүдө

  • 3 года мурун

30-марттан 1-апрелге чейин өтүүчү Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн “Коопсуздук-2021 жана “Калыптоо-2021 биргелешкен командалыкштабдык жана мобилизациялык машыгуусуна даярдык башталды.

Баткенде аскердик машыгууга даярдык жүрүүдө

Бул тууралуу Башкы штабдын маалыматтык камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Машыгууга Куралдуу күчтөрдүн башкаруу органдары, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Баткен облусунун райондорунун мамлекеттик администрациялары, Баткен шаарынын мэриясы, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык кошуундары, ички иштер министрлиги, мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети жана саламаттык сактоо министрлиги катышат.

Машыгууга 2 миңге жакын адам тартылып, жүзгө жакын автомобиль, брондолгон жана атайын техникалар, жыйырмадай артиллериялык системалар, он авиациялык техника тартылат.

Бул арада Тажикстандын коргоо министрлиги Баткенде өтө турган машыгуу жөнүндө расмий түрдө билдирүү алганын кабарлады. Министрликтин басма сөз катчысы Фаридун Махмадалиев Кыргызстан дипломатиялык каналдары аркылуу бул тууралуу Согди облусу менен Исфара шаарынын жетекчилигине да маалымат жөнөтүп койсо туура болот деп эсептейт.

Учурда Куралдуу күчтөрдүн машыгуусуна башка аймактардан тартылган аскердик техникалар Баткендеги машыгуу талаасына жайгашып жатат. Жыл сайын өтүүчү аскердик машыгуу былтыр пандемияга байланыштуу өтпөй калган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты