​Айыл кеңешинин депутаттыгына талапкер көрсөтүү аяктады

  • 3 года мурун

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча мыйзамдарга ылайык, 11-мартта айылдык кеңештердин депутаттаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады.

420 айылдык кеңештеги жалпы мандаттардын саны — 7560. Көрсөтүлгөн талапкерлердин жалпы саны -19 140, анын ичинен 63 талапкер саясий партиялардан көрсөтүлгөн, калгандары өзүн-өзү көрсөткөндөр.

Документтер кабыл алынган күндөн тартып 10 күн ичинде — 22-мартка чейин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары талапкерлердин жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарына шайкештигин текшерет.

Учурдагы айылдык кеңештерге шайлоонун маанилүү өзгөчөлүгү — ар бир шайлоо округундагы мандаттардын кеминде 30% ээлеп коюу. Бул атайын чара мыйзам боюнча, айылдык кеңештердеги аялдардын аз катышып жаткандыгын талдоонун негизинде жергиликтүү кеңештерге аялдардын катышуусун күчөтүү максатында киргизилген.

Ушул мыйзамдын негизинде, учурдагы шайлоодо, шайлоо округдарындагы аялдар үчүн 2943 орун сакталып калган, ал үчүн 5383 аял талапкер көрсөтүлгөн.

Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 11-апрелинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештерге дайындалды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты