АКШ Көлбаевдин кылмышы тууралуу маалымат үчүн сыйлыкты 5 млн долларга көбөйттү

  • 3 года мурун

АКШнын Мамлекеттик департаменти Камчыбек Көлбаевдин кармалышына жана/же соттолушуна алып келген маалымат үчүн жана Көлбаевдин кылмыштуу уюмунун каржылык механизмдеринин бузулушуна алып келген маалымат үчүн сыйлыктын 5 миллион долларга чейин көбөйтүлгөнүн жарыялады.

Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы 5-мартта билдирди.

Аталган сыйлык Мамлекеттик департаменттин трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү программасынын (TOCRP) алкагында сунушталат.

Андагы маалыматта айтылгандай, 2000-жылы Көлбаев өзүнүн бир кездеги криминалдык башчысын өлтүрүүгө аракет кылгандыгы жана дагы эки кишини өлтүргөндүгү үчүн соттолгон.

Ушул кылмыштары үчүн Көлбаев 25 жылга кесилген, бирок алты жыл камакта отургандан кийин ал түрмөдөн качып кеткен. 2007-жылы АКШнын мамлекеттик департаменти Көлбаевди өлкөдөгү “эң таасирдүү кылмыштуу топтун лидери” деп мүнөздөгөн. Ал эми 2008-жылы 23-апрелде Көлбаевге Россиянын уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлери Москвада мыйзамдуу ууру катары “таажы” кийгизилген.

2011-жылдын июнь айында президент Барак Обаманын администрациясы Көлбаевди чет өлкөлүк баңги заттардын сатуучулары тууралуу мыйзамына ылайык, ири чет элдик баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүчү деп тапкан. 2012-жылы АКШнын Каржы министрлиги Көлбаевди “Братва” (Brothers ’Circle) кылмыш синдикатынын мүчөсү деп тааныган.

2013-жылы ал Кыргыз Республикасында акчаны опузалап алууу, адам уурдоо, курал-жарак жана баңги кылмыштары сыяктуу бир нече кылмыштар боюнча айыпталып, бирок опузалап пара талап кылгандыгы үчүн үч жылга эркинен ажыратылган. 2017-жылы каржы .министрлиги Көлбаевди мыйзамдагы уурулардын атынан иш алып барган деп аныктаган.

Анын акыркы кармалышы 2020-жылдын октябрь айында, Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында, кылмыштуу уюмду түзүү жана ага катышуу беренеси боюнча болгон.

23-октябрдан тарта соттун чечимине ылайык, тергөө бүткөнгө чейин УКМКнын СИЗОсуна жайгаштырылган. Камчы Көлбаевге Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин “Кылмыштык топ уюштуруу же ага мүчө болуу” беренеси менен сотко чейинки иш өндүрүшү башталган. 2020-жылдын 2-ноябрында Камчы Көлбаев ден-соолугуна байланыштуу 47-түзөтүү колониясына которулган.

2-мартта Камчы Көлбаев эч жакка кетпөө шарты менен колониядан чыгарылганн.

Бардык маалыматтар WhatsApp, Telegram жана Signal аркылуу билдирүүлөрдү кабыл ала турган +1 202-643-0383 номуру аркылуу DEA жана OFACка билдирилиши керек. Жарандар жакынкы АКШ элчилигине же консулдугуна, же [email protected] электрондук дареги аркылуу кайрылса болот. Маалымат берген бардык адамдарга толук купуялуулук менен мамиле камсыздалат.

Сүрөттө: Камчы Көлбаев. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты