​Казакстанда бир катар документтерге кол коюлду

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаровдун Казакстанга мамлекеттик иш сапарынын алкагында кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Президент Садыр Жапаров менен Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев биргелешкен билдирүү жасашты.

Төмөндө кол коюлган документтер:

— Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Казакстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосунда кайтарымсыз аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Казакстан Республикасынын маданият жана спорт министрлигинин ортосунда улуттук спорттун түрлөрүн жана элдик оюндарды өнүктүрүү жөнүндө макулдашуу;

— 2021-жылга карата Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Казакстан Республикасынын коргоо министрлигинин ортосундагы кызматташтык иш-чаралардын планы;

— 2021-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен Казакстан Республикасынын соода жана интеграция министрлигинин биргелешкен иш-чараларынын планы;

— 2021-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги менен Казакстан Республикасынын тышкы иштер министрлигинин ортосундагы кызматташтык программасы;

— Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматы менен Казакстан Республикасынын санариптик өнүгүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министрлигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандуму;

— Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин жана Казакстан Республикасынын энергетика министринин, экология, геология жана жаратылыш ресурстары министринин электр энергиясын алмашуу жөнүндө протоколу.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты