Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгы белгиленди

  • 3 года мурун

27-февралда А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чарада «Күлүйпа Кондучалова жана кыргыз искусство чеберлери» аталышындагы даректүү тасмасы көрсөтүлдү. Андан кийин Президент Садыр Жапаров куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Кече өнөрпоздордун концерти менен уланды.

Иш-чаранын соңунда Президент Садыр Жапаров дагы бир жолу сахнага чыгып, СССРдин эл артисттери Кайыргүл Сартбаева жана Самара Токтакунова, Кыргыз Республикасынын эл артисттери Гүлайым Каниметова, Дарика Жалгасынова, Саламат Садыкова, Бактыбек Тилегенов, Бакыт Шатенов, Керим Орузбаев жана Эрнис Асаналиевдин колдорун кысып, атамекендик маданият ишмерлерине ыраазычылыгын айтты.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты