​Жапаров Россиянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушту

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда, Москва шаарында Россиянын өндүрүшчүлөр жана ишкерлер бирлигинин аянтчасында Россиянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушту.

Мамлекет башчы иш-чаранын катышуучуларына Кыргызстандагы келечектүү экономикалык долбоорлор жөнүндө айтып берип, потенциалдуу инвесторлорду активдүү кызматташууга чакырды.

Иш-чарага россиялык ири компаниялардын 40ка жакын жетекчиси катышты.

Ошондой эле жолугушууда Россиянын министрликтери менен мамлекеттик түзүмдөрүнүн өкүлдөрү болду.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты