Өрттү май куюучу станцияга жеткирбей өчүрүп калышты

  • 3 года мурун

18-февралда 18:30 дар чамасында Чүй облусунун Токмок шаарында алдын ала маалымат боюнча Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 51-чакырымында ачык аянтта камыштан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат Токмок шаардык №21 өрттөн куткаруу бөлүмүнөн жалпы 4 бөлүм тартылган. Жанында май куюучу станция бар болчу. Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинин натыйжасында саат 20:24тө чектөөгө алынган. Өздүк курамдын ыкчам аракетинен улам өрттү май куюучу станцияга жеткирбей өчүрүп калышкан.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты