Галина Байтерек: Муфтияттагы окуяга Президенттин тиешеси жок

  • 3 года мурун

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын мурдагы башчысы Максатбек Токтомушевдин кызматтан алынышы тууралуу интернетте тараган аудиотасма боюнча комментарий берди.

Бул тууралуу 17-февралда президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабарлап, өлкө жетекчилигинин Токтомушевдин кетишине тиешеси бар экени тууралуу маалыматты төгүндөдү:

Галина Байтерек белгилегендей, мындай маалымат толугу менен чындыкка дал келбейт жана чагымчыл мүнөздө. Ал Садыр Жапаров мурдагы муфтий Рахматулла ажы менен буга чейин жолукпаганын жана сүйлөшпөгөнүн, ага эч нерсе убада кылбаганын кошумчалады.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, интернтетте тараган аудиодо белгисиз бирөө президент Жапаров ага муфтийлик кызматты убада кылганын, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Арзыбек Бурханов жана башкалар Токтомушевди кызматынан мыйзамсыз алышканын айтууда.

11-февралда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, Максатбек Токтомушевдин муфтийликтен өз каалоосу боюнча баш тарткан арызын карап, канааттандырган. Ага чейин УКМК муфтияттагы мыйзамсыз аракеттер тууралуу иш козгогон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты