​Германияда беш тажикстандык терроризмге айыпталууда

  • 3 года мурун

Германияда Тажикстандын беш жараны “Ислам мамлекети” террордук уюмуна мүчө болууга айыпталууда. Алардын иши сотко өттү. Бул тууралуу “Ассошиэйтед Пресс” агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, алардын бири ИМ тобунун идеаларын жайылтып, онлайн түйүндөр аркылуу каражат чогулткан. Ал жаш жигиттерди ИМге кошулууга азгырып, 2019-жылы Германиянын батышында уюмдун уячасын түзгөн.

Тажикстан жарандары террордук уюмдун Сирия жана башка өлкөлөрдөгү жетекчилери менен байланышта болушканы айтылат. Тергөөнүн пикиринде, алар алгач Германиядан Тажикстанга кетип, ал жактын бийлигине каршы күрөшүүнү каалашкан, кийинчерээк бул ойлорунан кайтып, Германияда бир нече теракт уюштурууну чечишкен.

Кармалган тажикстандыктар интернетте жардыруучу жабдуулардын тетиктерине буюртма беришкени да аныкталган.

Немис тергөөчүлөрү соңку кездери Германиянын батышындагы ИМдин уячасы өз стратегиясын өзгөртүп, жаш мусулмандарды азгырууга жана топ үчүн акча чогултууга көңүл бөлүүдө деп эсептейт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты