​Ооганстанда 7 миңден ашуун кыргызстандыктар милдетин өтөгөн

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-февралда, советтик жоокерлердин Ооганстандан чыгарылган күнүнө байланыштуу кайрылуу жолдоду.

Анда мындай деп жазылган:

-Афган согушу 9 жыл, 1 ай, 19 күнгө созулган. Бул жылдарда Ооганстанда Советтик армиянын 620 миң аскери, анын ичинде жети миңден ашуун кыргызстандыктар өз милдетин өтөшкөн.

Кайратмандыгы, эрдиги жана каармандыгы үчүн эки жүз миңден ашык аскер кызматчылары, жумушчулар жана кызматчылар СССРдин орден, медалдары менен сыйланган. 66 аскер кызматчысы Советтер Союзунун Баатыры наамына татыктуу болгон. Алардын ичинде биздин эки жердешибиз Сергей Гущин менен Юрий Исламов да бар.

Жоокерлер согушуп эле тим болбостон, Ооганстанды калыбына келтирүүгө катышып, азык-түлүк, медициналык каражаттар менен камсыздашып, социалдык объект курушкан.

Афганчы-жоокерлер бүгүн дагы өзүнүн жарандык милдеттерин ар-намыстуулук менен аткарып, өлкөбүздүн ардагерлер кыймылынын өнүгүшүнө салым кошуп келишет. Алар өздөрүнүн куралдаш жолдошторуна жардам көрсөтүү боюнча алгылыктуу иштерди аткарып, патриоттук иштерди алып барышып, Мекенди коргоочулардын жаш муунун даярдап жатышат.

Советтик аскерлердин чектелген контингентинин Ооганстандан чыгарылышынын 32 жылдыгына карата бардык интернационалист ардагерлерге, алардын туугандарына жана жакындарына бекем ден соолук, бакубат турмуш жана ийгиликтерди каалайм, —

деди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты