​Алтынчы күнү кечинде. Нуркан Турсунбаев — 80 жашта

  • 3 года мурун

«Алтынчы күнү кечинде» аттуу ырды кимдер гана билбейт. Мына, бүгүн, «Алтынчы күнү кечинде» аттуу ырдын обонунун автору, обончу жана таанымал актер Нуркан Турсунбаевдин 80 жылдыгын белгилөөнүн алгачкы иш-чарасы башталат.

«Ай баратат» аттуу анын ырын Таттыбүбү Турсунбаеванын аткаруусунда укканды жактырасызбы? Нурканбек Турсунбаев айдай сулуу Таттыбүбүнүн бир тууган агасы.

Обончу, актёр Нурканбек Турсунбаевдин 80 жылдык мааракеси быйыл жыл бою бир нече иш-чаранын коштоосунда белгиленет.

Иш-чараны маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана Нурканбек Турсунбаев атындагы эл аралык кайрымдуулук фонду уюштурат.

Бүгүн, 13 — февралда саат 11:00дө Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасынын Чыңгыз Айтматов залында “Көп кырдуу талант ээси, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Нурканбек Турсунбаевдин Кыргыз искусствосундагы тарыхый орду” аттуу илимий конференциясы өтөт. Китепканада Нурканбек Турсунбаевдин көп кырдуу чыгармачылык жолуна арналган көргөзмөнүн ачылышы өтөт.

14-февралда, саат 18:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында Турсунбаевдин баскан жолун, өнөр көрөңгөсүн чагылдырган «Биротоло келдим сага бүгүн мен» аттуу театралдаштырылган концерт коюлат.

Нуркан Турсунбаев 1940-жылы 15-июлда Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылында туулган. «Алтынчы күнү кечинде», «Ай баратат» аттуу обондору эл ичинде кеңири белгилүү болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты