​Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгын белгилөө жөнүндө жарлык чыкты

  • 3 года мурун

Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүгө зор салым кошкон мамлекеттик жана саясий ишмери Жусуп Абдрахмановдун элесин түбөлүккө калтыруу жана анын 120 жылдыгын белгилөө тууралуу жарлык чыкты.

Жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.

Өкмөткө Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү, иш-чара үчүн зарыл финансылык каражаттарды бөлүү жагы сунушталды.

Сүрөттө: Жусуп Абдрахманов. Архивдик сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты