20дан ашык алдамчылык фактысына шектүү кармалды
- 3 месяца мурун
Бишкек шаарынын аймагында жасалган 20дан ашык ушул сыяктуу алдамчылык фактысына шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына Т.А. аттуу жаран М. аттуу аялга карата чара көрүүнү суранган. Арыз ээсинин айтымында, 2026-жылдын 12-январында аталган жаран ишенимге кирип, 8 тигүүчү машина жеткирип берүү шылтоосу менен 319 миң сом алып, милдеттенмелерин аткарбастан изин жашырып кеткен. Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1987-жылы туулган М.Т. аттуу жаран аныкталып, Свердлов районунун ИИБ тергөө кызматына жеткирилген. Тергөө учурунда М.Т. Бишкек шаарынын аймагында жасалган 20дан ашык ушул сыяктуу алдамчылык фактыларына тиешеси бар экендиги аныкталган.
Шектүүнүн жаш баласы болгондугуна байланыштуу, ага жазык-процессуалдык кодексинин 109-1-беренесинин негизинде, электрондук көзөмөлгө алуу – “билерик” тагуу бөгөт чарасы каралды.
Сүрөт: Бишкек шаардык ИИББ




