Айдин Бакытбек уулу: Конституция долбоорунда мыйзам демилгелөө укугун кеңейтип коюшкан (ВИДЕО)

«ПолитКлиника» медиасынын «Сереп» берүүсүндө Конституциянын долбоору тууралуу сөз козгойбуз. Студияда мейманда -юрист Айдин Бакытбек уулу.

— Алгачкы вариантынан фундаменталдуу, чоң айырмачылык деле жок, негизги идеясы бир — президенттик башкаруу, аткаруу бийлигин Президенттин алдына топтоп, баланс сакталбай калган. Анча-мынча өзгөртүүлөр кирзизилиптир, алар негизинен биринчи долбоордон анча деле айырмасы жок.

Кызыктуу нерсеси -мыйзам демилгелөө укугун кеңейтип коюшкан. Бул жерде мыйзам демилгелөө укугун Президентке, министрлер кабинетинин төрагасына, Жогорку сотко, элдик курултайга, башкы прокурорго да берип коюшкан. Бул-дүйнөлүк юриспруденцияда нонсенс, мындай дүйнөлүк практикада жок.

Негизинен башынан баштап эле бул конституциялык реформа мыйзамсыз, легитимсиз жүрүп баратат, мисалы төраганын конституциялык кеңешме түзгөнгө укугу жок, Президенттин милдетин аткаруучу, керек болсо Президенттин өзүнүн да азыркы Конституция боюнча конституциялык кеңешме чакырып, Конституцияны талкуулаганга укугу жок. Себеби биринчиден, Президенттин андай ыйгарым укуктары жок, экинчиден, азыркы Конституция боюнча мыйзам чыгаруу, мыйзам демилгелөө укугу жок.

Биз, юристтер, бул Конституция долбоорунун биринчи вариантын дагы, азыркы вариантын дагы талкуулагыбыз келбей жатат. Себеби бул процесстин өзү тилекке каршы, легитимсиз жүрүүдө. Бирок биз, конституциялык реформага каршы эмеспиз. Конституциялык реформаны, парламенттин 7-чакырылышы шайланганда мыйзамдык нукта, бардык процедураларды сактап, баланс сакталгыдай кылып өзгөртсө болот, бул депутаттардын укугу, ошондой эле 300 миң жарандын укугу, кол топтоп өзгөртүүлөрдү киргизсе болот. Бирок мунун баары легитимдүү, шашпай болушу керек эле. Эмнеге мынчалык зарылчылык болду, эмнеге тез өзгөртүп жатышат, даярдалган Конституция долбоорунда баланс сакталбай калган, көп суроолорду жаратууда.

КЕНЕНИРЭЭК ВИДЕОДО:

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты