​ДССУнун эксперттери COVID-19 эпидемиясынын башталышынын себебин так аныктай алышкан жок

  • 3 года мурун

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму башында турган адистер тобу «коронавирус лабораториядан чыккан болушу мүмкүн» деген божомолдор чындыкка коошпойт, вирус адамга жаныбардан жугушу мүмкүн деген пикирге келишти.

Бул тууралуу саламаттык сактоо уюмунун эксперти Питер Бен Эмбарек 9-февралда Ухань шаарында өткөрүлгөн маалымат жыйында билдирди.

Коронавирустун кайдан чыкканын иликтеген эл аралык топ Ухань шаарындагы бир ай жүргүзгөн ишин соңуна чыгарды. Дүйнөдө 2,3 миллион адамдын өмүрүн алган вирус Ухандагы экзотикалык жан-жаныбарларды саткан базардан жайылган деген вариант айтылган.

Эмбарек ошондой эле вирус Уханга башка мамлекеттерден саякатчылар же тоңдурулган жапайы жаныбарлардын эти аркылуу алып келинген болушу мүмкүн экенин белгиледи. Ал ошондой эле коронавирустун пайда болуу себептерин бир эле Кытайдан эмес, Азиянын башка мамлекеттеринен, чет жактардан да издөө зарыл экенин кошумчалады.

Адистер соңку эки апта ичинде Ухандагы вирусология институтуна, коронавирус алгач жайылган базарга, бул илдетке чалдыккан алгачкы бейтаптарды кабыл алган ооруканаларга барышты.

Пандемиянын башында коронавирус институттан кокустан чыгып кетиши мүмкүн деген эч далили жок күмөн саноолор болгон. Андан кийин АКШнын мурдагы Президенти Дональд Трамп жана анын тарапташтары бул сөздөрдү күчөтүп жиберишкен.

Сүрөт: Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты