Нариман Түлеевге чыккан соттун чечимдери кайра кароого жиберилди

  • 3 года мурун

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевге Ленин райондук, Бишкек шаардык соттору жана Жогорку сот тарабынан чыгарылган чечимдер кайра кароого жиберилди.

Ьул тууралуу Нариман Түлеев билдирди.

-Жогорку Сот бир нече айдын ичинде иштин бардык жагдайларын изилдеп чыгып, үч инстанциянын – Ленин райондук, Бишкек шаардык сотторунун жана Жогорку соттун айыптуу өкүмүн жокко чыгаруу жөнүндө чечим чыгарды жана аларды жаңы кароого жиберди, -деди Нариман Түлеев.

Нариман Түлеев 2008-2010-жылдары Бишкек шаарынын мэри болуп иштеген. «Бишкектин мэри болуп турганда Кытайдан автобустарды жана таштанды тазалоочу машинелерди сатып келүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке акчалай зыян келтирген» деп 11 жылга соттолгон. Түлеев 2016-жылы мамлекетке келтирилген зыянды төлөө шарты менен мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты