​Нарында кылмыштуу топ мүчөлөрү атышып, адам каза тапкан фактынын бети ачылды

  • 3 года мурун

Нарында кылмыштуу топтун мүчөлөрү атышып, бир киши каза тапкан фактынын бети ачылды.

Бул тууралуу Нарын облустук ИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 6-февралда, саат 20:40 чамасында Нарын облустук ички иштер бөлүмүнө белгисиз киши Нарын шаарынан кишини атып кетишкени тууралуу кабарлаган.

Ыкчам топ «Сайкал” дүкөнүнүн тушунда «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу (1990-жылы туулган) С.А жарадар абалда жатканын белгилеген. Ооруканадан медициналык жардам көрсөтүүгө алып кетип жатканы аныкталган. Денесинен жаракат алган С.А ооруканага жетпей каза тапкан.

Маркум С.А. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган.

Бул фактынын негизинде Нарын облустук ички иштер башкармалыгында кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, жазык кодексинин 130-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган, Нарын шаарынын тургуну (1996-жылы туулган) М.Н кармалган. Ал күнөөсүн мойнуна алып, «ИЖ-20» үлгүсүндөгү, документи жок ок атуучу куралды өз ыктыяры менен өткөрүп берди.

Ошондой эле кылмыш ишине тиешеси бар «Лексус GS 300» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Нарын шаарынын тургуну (1997-жылы туулган) А.А. кармалды.

Сүрөттөр: Нарын ИИБ басма сөз кызматы жана соцтармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты