Майыптык темасын чагылдыруу боюнча онлайн курсту аяктагандарга сыйлык тапшырылды

  • 3 года мурун

“Майыптык темасын чагылдыруу” боюнча онлайн курсун аяктаган алдыңкы он адамга акчалай сыйлык тапшырылды.

Сыйлык алгандардын ичинде “ПолитКлиника” медиасынын кабарчысы Кымбат Турдубекова да бар.

Онлайн окуу курсу терс стереотиптерди жоюуга, майыптыгы бар адамдарга карата коомдук пикирди өзгөртүүгө, физикалык, маалыматтык, социалдык жана психологиялык тоскоолдуктарды жоюуга, ошондой эле бардык адамдар бирдей жана ар бир адамдын укугу сакталган инклюзивдик коомду түзүүгө жардам берүү максатында иштелип чыккан.
Бул шилтемелер аркылуу:
кыргыз тилиндеги https://bit.ly/3oKxG46 жана
орус тилиндеги https://bit.ly/2Llxmv6 онлайн курстардан өтүүгө болот.
Майыптык темасын чагылдыруу боюнча онлайн-курс журналисттер, журналисттика факультетинин студенттери, блогерлер жана башка кызыктар тараптар үчүн Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин демилгеси боюнча БУУ Өнүгүү программасынын жана Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин “КРнын укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун колдоосу менен иштелип чыккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты