Абдил Сегизбаевдин штабынын кызматкерлеринин үйүндө тинтүү жүрдү

  • 3 года мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин штабынын кызматкерлери тинтүүгө алынганын билдиришти. Штабдын басма сөз катчысы Мээрим Асанова 3-февралда бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына билдирүү калтырган.

Кызматкерлер бул тинтүү иштерин саясатчы менен иштегенине байланыштырышат.

Тинтүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин, Мээрим Асанованын жолдошу Кутман Мукашев жана штабдын кызматкери Нурзада Токтогулова УКМКга суракка чакырылган. Белгилей кетсек, ал ушул жылдын 12-январында буга чейин УКМКга күбө катары сурак берген.

Мээрим Асанова өзү да атайын кызматтын Тергөө башкармалыгына чакырылган. Жаш балдары бар экенине байланыштуу барбаганын, атайын кызматкерлер телефону менен ноутбугун алып кеткенин, блогер Юлия Барабина да суракка киргенин билдирди.

Абдил Сегизбаев чуулгандуу «Белизгейт» окуясына байланыштуу 26-январда камакка алынган. Ал Жазык кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде кылмышка шек саналууда.

Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 25-мартка чейин атайын кызматтын тергөө абагында кармоо тууралуу чечимди 27-январда чыгарган.

Абдил Сегизбаев 2015-2018-жылдары УКМКнын төрагасы болгон. 10-январда президенттик кезексиз шайлоого катышып, шайлоочулардын бир пайыздан ашык добушун алган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты