​Сот Навальныйдын шарттуу жазасын 3,5 жыл түрмөгө алмаштырды

  • 3 года мурун

Москва соту оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйга 2014-жылы өкүм кылынган шарттуу жазасын үч жарым жыл түрмөгө алмаштырды. Бирок саясатчы жети жыл мурда бир нече ай үй камагында болгондуктан, абакта эки жарым жыл отурат.

Сот Навальный шарттуу жазага ылайык алынган милдеттенмелерин аткарган эмес деп тапты. Саясатчы бул чечим боюнча жогорку баскычтагы сотко даттанса болот.

Жаза аткаруу кызматы Навальный сыноо мөөнөтүнүн шарттарын бузду деп 29-декабрда ага издөө жарыялаган. Германияда дарыланган саясатчы 17-январда Москвага учуп келгенде кармалып, 15-февралга чейин тергөө абагына камалган.

Саясатчы 2014-жылы «Ив Роше» иши боюнча көз боемочулук үчүн айыпталып шарттуу кесилгенде беш жылдык сыноо мөөнөтү чегерилген. Кийин ал мөөнөт дагы бир жылга узартылган. Навальный бул иште саясий өңүт бар деп эсептейт. Өткөн жылы Европанын адам укуктары боюнча соту бул иш боюнча өкүм мыйзам бузуулар менен кабыл алынганын билдирген.

Оппозиционер 20-августта Томскиден Москвага баратканда өзүн жаман сезип, учак Омскиге чукул конгон. Навальный жергиликтүү ооруканага жеткирилип, кийин Германиядагы клиникага которулган. Ал эсине 19 күндөн кийин гана келген. Орусиялык дарыгерлер ууландыруу версиясын жокко чыгарышкан. Ал эми германиялык адистер жана европалык бир нече лаборатория Навальныйдын аскердик «Новичок» тобуна кирген зат менен ууландырылганын аныкташкан. Батыш өлкөлөрү Москваны бул иш боюнча иликтөө жүргүзүүгө чакырып келет.

Декабрдын аягында Bellingcat иликтөө тобу жана бир катар маалымат каражаттары саясатчыга кол салуунун артында Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) турган деген тыянакка келишкен. Кремль бул дооматты четке кагууда.

23чү жана 31-январда Орусиянын жер жеринде оппозиционерди колдоо акциялары өттү. Полиция аларды аеосуз таркатты. Маалыматтарга караганда, митингдердин жүрүшүндө миңдеген киши кармалды.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты