​«5- канал» менен «Пирамида» каналдарын сатуу демилгеси көтөрүлдү

Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин мүчөлөрү мамлекеттик «Бешинчи канал» жана «Пирамида» телеканалдарын жеке жактарга сатууну сунуш кылышты.

Бул тууралуу эки каналга бюджеттен 20 млн. сомдон 40 млн. сом бөлүү маселеси каралып жатканда, 1-февралда, айтылды.

Финансы министринин милдетин аткаруучу Кыялбек Мукашев телеканалдардын кызматкерлерине 2020-жылдын декабрь айы үчүн бюджеттен каралган айлык жетпей калганын, ушундан улам кошумча акча керек болуп жатканын билдирди. Жыйынтыгында депутаттар 40 млн. сомду бөлүп берүүнү чечишти.

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басарынын милдетин аткаруучу Илязбек Балташев «Бешинчи каналдын» 82 млн. 484 миң сом карызы бар экенин кабарлады. Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев сөз болуп жаткан жалпыга маалымдоо каратажаттарын жеке жактарга сатууну сунуш кылды:

«Биз телеканалдарды, башка да активдерди менчикке беришибиз керек. Бул каналдар боюнча комиссия түзүп чекит койбосок болбойт. Ошол эле кезде азыр аларга акча бербей ишин токтотуп койгон да туура эмес. Анткени ал жерде кызматкерлер иштеп атат. Парламенттин көз карашы боюнча телеканалдар жыштыктары менен сатылышы керек. Жок эле дегенде алар бюджеттен акча албай калгандай деңгээлге жетиш керек».

Депутат Улан Примов да каналдарды сатуу тууралуу демилге көтөрдү. «Бешинчи канал», «Пирамида» жана ОшТВ каналдары Мамлекеттик мүлк фондуна карайт жана алардын жетекчилерин фонд дайындайт.

«Бешинчи канал» 2005-жылы мурдагы президент Аскар Акаев бийликтен кулагандан кийин КООРТ каналынын базасында түзүлгөн. 2006-2009-жылы аны кийинчерээк апрель окуясы боюнча айыпталып, он жылга сыртынан соттолгон Оксана Малеваная башкарган. 2010-жылы Убактылуу Өкмөттүн декрети менен мамлекеттештирилген. 2011-жылы Жогорку Кеңештин ишин чагылдыруу максатында «»Бешинчи канал» жабык акционердик коому жөнүндө» мыйзам кабыл алынган.

«Бешинчи каналды» жеке жактарга сатуу боюнча демилге буга чейин да көтөрүлүп келет.

Кыргызстанда туңгуч эркин телеканал катары таанылган «Пирамида» мурдагы бийликтин тушунда колдон колго өтүп, 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин мамлекеттин карамагына берилген.

2016-жылдын февралында ал парламенттин, башка бийлик бутактарынын, мамлекеттик органдар менен мекемелердин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат тарата турган канал болгон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты