​Орусияда Навальныйды колдогон акциялардан кийин бир нече кылмыш иши козголду

  • 3 года мурун

31-январда Орусиянын ондогон шаарында камактагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды боштондукка чыгаруу талабы менен нааразылык акциялар өттү. Ошол эле күнү митингдердин айрым катышуучуларына бир нече кылмыш иши козголгону белгилүү болду.

Маалыматка караганда, Санкт-Петербург шаарында бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү деген доо боюнча бир кишиге кылмыш иши ачылды. Ал атайын полиция кошуунунун бир жоокерин эки жолу башка муштаганы кабарланды. Азырынча шектүүнүн аты-жөнү айтыла элек.

Мындан тышкары Санкт-Петербург полициясы унааларды же жолдорду бузгандарга каршы кылмыш ишин козгогонун маалымдады. Бул иш 23-январдагы окуяга карата 31-январда ачылып, ага байланыштуу жекшембиде таңга маал тогуз жерде тинтүү жүргөн. Үйү тинтилгендердин арасында жергиликтүү кеңештин депутаттары Владимир Волохонский менен Василий Кунин жана айрым жарандык активисттер бар.

Челябинск шаарында да жолду мыйзамсыз тороду деген доо боюнча кылмыш иши ачылды. Бул окуяны тергөөгө байланыштуу 23 киши кармалып, суракка алынууда.

Москва шаарында коронавируска каршы санитардык чектөөлөрдү бузуу жана автоунаалар менен жолдорду жараксыз кылуу тууралуу доо арыздар боюнча кылмыш иштери козголду. Бул иштердин алкагында саясатчылар Илья Яшин менен Андрей Пивоваров кармалып, суракка алынып жатканы кабарланды.

Ошондой эле Москвада «Росгвардияга» таандык кызматтык автоунааны өрттөө жана бийлик өкүлүнө карата зомбулук аракетин жасоо деген доолор боюнча да кылмыш иштери ачылган.

31-январдагы нааразылык акцияларда Орусия боюнча жалпысынан 5 миңден ашык киши кармалганы кабарланууда. Алардын 1,5 миңин москвалыктар түзөт. Бул Орусиянын жаңы тарыхында бир эле күнү кармалгандардын саны жагынан рекорд жаңырткан көрсөткүч болуп калды.

Сүрөт: FRE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты